Жаңылыктар
Ирандан 28 кыргыз жараны чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ирандан 28 кыргыз жараны чыгарылды

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Ирандагы жана Азербайжандагы элчиликтери менен бирге 28 кыргыз жараны Азербайжанга чыгарылганын билдирди. 

Коопсуз аймакка эвакуацияланган жарандар эми жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келет. ТИМдин маалыматына караганда, бул ишке Азербайжан бийлиги көмөктөштү.

Иран менен Израилдин ортосунда чыңалуу күч алганына байланыштуу буга чейин расмий Бишкек тынчсыздануу билдирип, аталган эки өлкөдөгү кыргыз жарандарын этият болууга чакырган. Бул эки өлкөдө Кыргызстандын канча жараны бар экени тууралуу азырынча так маалымат айтыла элек. 

13-июндан бери Иран менен Израилдин ортосундагы абал курчуп, эки өлкө бири-бирине ракеталык соккуларды урууда.