Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районунда керамика плиткаларын өндүрүүчү заводду ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районунда керамика плиткаларын өндүрүүчү заводду ачты

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Ысык-Ата районунун Ивановка станциясы айылында "Асылташ Керамикс" керамика плиткаларын жана керамогранит өндүрүүчү заводду ишке киргизүү аземине катышты.

Мамлекет башчы соңку жылдары өлкөбүздө курулуш материалдарын чыгаруу жана кайра иштетүүчү өнөр жайды жандандыруу жаатында жакшы тенденция калыптанып жатканын белгиледи.

“Кыргызстан акырындык менен чийки зат экспорттоочу өлкөдөн кайра иштетүүчү мамлекетке өтүп, жакынкы келечекте жогорку технологиялар менен продукция өндүргөн өлкөгө айланат деген ишеним чоң”, - деди Садыр Жапаров.