Жаңылыктар
УТРК: эл аралык кызматташтыктын үзүрү
УТРК жаңылыктары
УТРК: эл аралык кызматташтыктын үзүрү

УТРКнын Котормо жана үн коштоо студиясы жаңы техникалар менен камсыз болду. Натыйжада, дубляж жасоочу 5 студиясынын керектүү жабдыктары толугу менен үн коштоочу заманбап техникалар менен толукталды. Кытайлык өнөктөштөр кайтарымсыз негизде берген бул техникалык жардам чет өлкөлөрдөн алынган сериалдарды, документалдуу жана анимациялык фильмдерди кыргыз тилине которуу сапатын жакшыртып, ыкчам иштөөгө шарт түзмөкчү.

Эске салсак, өткөн жылдын соңунда УТРКнын жетекчилиги Кытайда болуп, дүйнөдөгү эң мыкты контенттерди жаратуучу ири СICC корпорациясы менен эки тараптуу кызматташтыкка жетишкен. Бүгүнкү техникалык жардам СICC корпорациясынын жетекчилигинин УТРКнын жаңы ишмердүүлүгүн, өзгөчө котормо багытындагы ишти жакшыртуу боюнча Б.Тиллебаевдин жеке өтүнүчүн колдоо катары берилип жатканын Чэн Яцзын айым белгиледи. “Биздин колдоолор техникалар менен чектелбей, кийинки аракетибиз контент алмашуу менен уланмакчы”, деди Чэн Яцзын айым.

Башкы директордун айтымында, УТРК СICC корпорациясынан сериалдарды, даректүү тасмаларды жана балдар үчүн фильмдерди акысыз алуу, техникалык жактан колдоо келишимине жетише алган.

“Эки тараптуу кызматташтык өз жемишин берип, кыска аралыкта алгачкы техникалар келе баштаганы УТРКнын котормо багытындагы ишин алдыга жылдыраары анык”,-деди Б.Тиллебаев.

Башкы директор кытайлык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, кийинки багыт контент алмашуу менен гана чектелбей, тарыхый даректүү фильмдерди тартуу менен да уланышы керектигин айтты. “Кыргыздын байыркы тарыхы Кытай архивдеринде сакталган, анын баардыгын ачып, элге жеткирүү азыркы муундун, өзгөчө Улуттук телеканалдын парзы” деди Б.Тиллебаев.

Тараптар бул багытта тыгыз кызматташтыкты бекемдей турган болушту. УТРК ошондой эле кыргыз жерин жана элин тааныткан фильмдерди кытайлык өнөктөштөргө берип, эки элдин бирин-бирин таанытуу вазыйпасын аткармакчы.