Президент Садыр Жапаров бүгүн “Борбор Азия - Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барды.
Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министр Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын мамлекеттик туулары илинди, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Саммитке Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы катышуусу пландалууда.
Президент Садыр Жапаров бул иш сапарынын алкагында ошондой эле КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен да жолугушуу өткөрөт.