Жаңылыктар
УТРК университеттер менен кызматташуусун чыңдайт
Кыргызстан жаңылыктары
УТРК университеттер менен кызматташуусун чыңдайт

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы кадр даярдоо, аларды жумуш менен камсыздоо багытында жогорку окуу жайлар менен кызматташуусун улантууда. Бүгүн эки университет менен меморандумга кол коюлду.


Кызматташуу тууралуу документке Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин атынан ректор Аскарбек Байсеркеев, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин атынан ректор Түмөнбай Колдошов, УТРКнын атынан башкы директор Болотбек Тиллебаев кол койду.


Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин Э. Ибраев атындагы журналистика жана социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы журналисттерди кесипке даярдайт. Окуу жайдын жетекчилиги алар окуткан болочок журналисттер УТРКда тажрыйба топтоп, кийин бул жерде иштеп калышына шарт түзсөлү деген ниетин билдирди.


Ал эми Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУ режиссёр, үн режиссёр, телеоператорлорду даярдаган өлкөдөгү негизги окуу жай. Андыктан бул университетти бүтүргөн адистерге УТРКда талап жогору. Жолугушуу маалында тараптар кызматташууну мындан ары да бекемдөө багыттарын талкууга алышты. Биргелешкен долбоорлорду даярдоо сунушу да айтылды. Анткени студенттер үчүн теорияда алган билимин, тажрыйбада бышыктоо маанилүү.

Окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушуу маалында УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев жаш адистерди даярдоо, аларга иш берүү, кадрларды жаңылоого мекеме өзгөчө көңүл бура тургандыгын билдирди. Айтылган сунуштарды колдоого алды.