Жаңылыктар
УТРК менен Венгриянын мамлекеттик телерадио корпорациясынын өз ара кызматташтык планын талкуулады
Кыргызстан жаңылыктары
УТРК менен Венгриянын мамлекеттик телерадио корпорациясынын өз ара кызматташтык планын талкуулады

2023-жылы 5-апрелде «Биринчи радионун» түз эфириндеги «Вектор» уктуруусунун атайын чыгарылышына Венгриянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги мырза келди.

Элчи Шандор Дороги ЭКСКЛЮЗИВДҮҮ интервьюсунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылы 12–14-февралда Венгрияга расмий иш сапарынын алкагында, кыргыз-венгер өз ара кызматташтыгын бекемдөө багытында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлганын белгиледи.

Шандор Дороги Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча мамлекет башчыларынын деңгээлинде биргелешкен декларациянын кабыл алынышы тараптар үчүн маанилүү экенин айтты.

Венгриянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги, Кыргыз Республикасынын демилгеси менен өткөрүлө баштаган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, жалпы эле дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Венгрияда этно-спорттун өнүгүшүнө түрткү болгонун белгиледи.

 «Вектор» уктуруусун жыйынтыктап жатып, элчи Шандор Дороги Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда билим берүү, маданият жана туризм тармагында кызматташтык жаатында пландарын айтып берди.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын Башкы директору Болотбек Тиллебаев менен Венгриянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги жолугушту. Өз кезегинде Болотбек Тиллебаев ардактуу мейманды жылуу кабыл алуу учурунда, Улуттук телерадио берүү корпорациясынын ишмердиги тууралуу маалымат берди.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясы менен Венгриянын мамлекеттик телерадио корпорациясынын өз ара кызматташтык планын талкуулады.

Элчи Шандор Дороги Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясы менен Венгриянын мамлекеттик телерадио корпорациясынын өз ара кызматташтык планын ишке ашырууда, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтө турганын баса белгиледи.

 Жолугушуунун соңунда Венгриянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын Башкы директору Болотбек Тиллебаевге жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан кийин да кызматташтык улана берет деген ийги тилегин билдирди.