Жаңылыктар
Радиорелейлик байланышка 75 жана Радиорелейлик магистралдар жана телеберүү башкармалыгына 65 жыл
УТРК жаңылыктары
Радиорелейлик байланышка 75 жана Радиорелейлик магистралдар жана телеберүү башкармалыгына 65 жыл

Бүгүнкү заманбап коммуникациянын башатында турган радио жана байланыш тармагынын адистери 7-майда кесиптик майрамын белгилеп келет. Аны утурлай, бүгүн УТРКнын концерттик залында Радиорелейлик байланыштын 75 жылдыгы жана Радиорелейлик магистралдар жана телеберүү башкармалыгынын 65 жылдыгына арналган майрамдык иш чара өткөрүлдү.

УТРКнын кызматтык өнөктөштөрүнүн бири болгон “Радиорелейлик магистралынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси” ачык акционердик коомунун төрагасы Алмазбек Джолоров УТРК менен кызматташууда жетишилген ийгиликтерге токтолуп, кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Бүгүнкү күнү УТРК “РМТР РӨБ” ААКсы менен тыгыз кызматташып, көрүнүктүү ийгиликтерди жарата алды. УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаевдин айтымында, 2023-жылга белгиленген иш пландарга ылайык, радиотолкундарды таркатуу каралган. Анын алкагында, РМТР РӨБ менен биргеликте “Кыргыз радиосунун” үнүн алыскы аймактарга жеткирүүгө мүмкүн болгон.

“Биздин курамда алты телеканал жана үч радиостанция бар. Алардын бири болгон “Кыргыз радиосу” 13 жыл мурун уктурула баштаган. Бирок, өлкөнү толук камтый албай, чек арага чектеш аймактарга жеткен эмес. Эки тараптуу тыгыз аракеттердин натыйжасында, биз “Кыргыз радиосунун” үнүн Баткенге, өзгөчө Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш айылдарга жеткире алдык. Азыр улуттук идеологиябызды, тилибизди, маданиятыбызды, тарыхыбызды даңазалаган радиобузду Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары уга баштады. Аксыдагы Уңгар-Тоонун башына радиопередатчиктер орнотулуп, Ала-Бука, Аксы, Кербен, Төш-Көмүр шаарларына радиобуз уктурула баштады. Бул стратегиялык чоң жетишкендик. Байлыныш кызматкерлеринин аракети менен УТРК алдыда дагы бийик максаттарга жетише алат деп ишенем” деди Б.Тиллебаев.

Ыр-бий менен коштолгон мааракелик иш чаранын жүрүшүндө иштеги жетишкендиктери менен айырмаланган байланыш кызматкерлерине УТРКнын башкы директору Б.Тиллебаев төш белгилерди жана ардак грамоталарды тапшырды.