Жаңылыктар
УТРК кадрларды даярдоо жана илим изилдөө жолуна багыт алды
УТРК жаңылыктары
УТРК кадрларды даярдоо жана илим изилдөө жолуна багыт алды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхында биринчи жолу илимий кафедранын филиалы ачылып, окуу борбору ишке кирди. Муну менен УТРК керектүү кадрларды илимий кызматкерлер менен биргеликте даярдоо жана илим изилдөө иштерин УТРКнын базасында жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Бүгүндөн тарта УТРКнын базасында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Электроника жана телекоммуникациялар институтунун “Инфокоммуникациялык технологиялар” кафедрасынын филиалы иштей баштайт. Корпорациянын башкы директору Б.Тиллебаевдин айтымында, мындан ары УТРК телерадиотехниктерди, байланыш инженерлерин, программист жана IT адистерин биргеликте окутуп, телерадио муктаж болуп келе жаткан кесип ээлерин даярдоого бел байлайт.

“Биз менен кызматташ болуп келе жаткан жогорку окуу жайларынын көбү УТРКда кафедра ачууга кызыкдар. Бирок биз техникалык адистерди даярдай турган окуу жайдын кафедрасынын филиалын ачууну туура көрдүк. Мисалы, журналисттерди, башкача айтканда, чыгармачыл адистерди, режиссер, операторлорду бир нече жогорку окуу жайы даярдап чыгарат. Ал эми коммуникациялык технология боюнча кадрлар бир гана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде даярдалат. Биз телерадиодогу адистик муктаждыкты эске алуу менен, дал ушул “инфокоммуникациялык технологиялар” кафедрасынын филиалын ачып жатабыз. Буюрса, байланыш тармагына керектүү адистерди өзүбүз даярдап гана тим болбой, илим изилдөө иштери боюнча аракеттерди баштадык” деди Б.Тиллебаев.

Заманбап медиа өнүгүп, коммуникациялык каражаттардын улам жаңы түрү негизделип жаткан коомдо, талаптарга жооп берген жана жаңы медиа ыкмаларын билген кадрларга муктаждык чоң. Бул адистиктерди окуган жаштардын көбү сыртка чыгып, же айлык-маянасы жогорку болгон жеке ишканаларга кетүүдө. Натыйжада мамлекеттик ишканалардагы жаңы медиа ыкмалары багытында иш аракеттер солгун.

Ректор Мирлан Чыныбаевдин айтымында, мындай филиал УТРКда жаңы медиа пайда болгондо эле иштей башташы керек болчу. Бирок, азыр да ачылып жаткандыгы чоң жаңылык.

“Өлкөдө байланыш технологиялары боюнча адистерге болгон муктаждык жогору бойдон калууда. Белгилүү болгондой, байланыш операторлору көбөйүп, телекөрсөтүү интернет ааламына байланып калды. Мындай учурда мыкты кадрларга болгон суроо-талап жогорулайт эмеспи. Бизде билим алган жаштардын көбү чет өлкөлөргө кетип, же айлык-маянасы жогору болгон жеке ишканаларды тандап кетүүдө. Натыйжада УТРК өңдүү мамлекеттик ишканалар адистерден кыйналып калууда. Б.Тиллебаев заман талабын эске алып, аларга керектүү кадрларды биргелешип даярдоо демилгесин колго алганы кубандырат. Студенттер теориядан мурда практикага муктаж. Дал ошол практикалык окууларды УТРКнын адистеринен мыкты билген кадрлар деле жок. Биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында мыкты кадрларды даярдап, атамекендик байланыш каражаттарын чыгаруу боюнча илимий ачылыштарды жаратуу багытында бийик ой-максаттарыбыз бар” дейт ректор М.Чыныбаев.

Кафедранын филиалы керектүү техникалар менен жабдылып, теориялык жана практикалык окуулар атайын цехтерде ишке аша турган болду. Анан калса, УТРКнын практик-окутуучулары педагогикалык стаж топтоо менен, кошумча акча табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Университет телерадионун кызматкерлерин жеңилдетилген шарттарда аралыктан окутуп, жогорку билим алуусуна көмөк көрсөтөт.

Бүгүнкү иш чара УТРКнын башкы директору Б.Тиллебаев менен И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.Чыныбаевдин эки тараптуу пайдалуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюуусу менен жыйынтыкталды.