Жаңылыктар
УТРКнын жамааты улустун улуу күнү Нооруз майрамын белгилешти
УТРК жаңылыктары
УТРКнын жамааты улустун улуу күнү Нооруз майрамын белгилешти

УТРКнын жетекчилиги тарабынан корпорацияда эмгектенген кызматкерлерге майрамдык салтанат уюштурулду. Анда Нооруздун салты менен Алас айтылып, жетекчиликтин куттук сөзүнөн кийин атайын даярдалган концерттик программа коюлду.

Ошондой эле УТРКнын Кыргыз радиосунун жамааты тарабынан майрамдын негизги символуна айланган сүмөлөк жасалып, корпорациянын кызматкерлерине таратылды.

Күн менен түн теңелген чыгыш элдерине таандык Жаңы жыл майрамы менен жалпыңыздарды куттуктайбыз!