Кыргызстанда бүгүндөн баштап жол эрежесин бузгандарга салынчу айып пулдун өлчөмү көбөйдү. Эреже сактабаган айдоочуларга жазаны катаалдаштыруу мыйзамына президент Садыр Жапаров кол коюп, күчүнө кирди.
Эң башкысы — мас абалында унаа башкаргандарга мурдагыдай 17 500 сом айып салбай, дароо эле айдоочулук күбөлүгүн бир жылга жокко чыгарат. Дагы кайталанса үч жылга рулга отуруу укугунан ажырайт.
Айдоочуларга берилчү жазалардын дагы башка түрлөрүнөн, унаа башкарууга укугу жок жаран ичип алып рулга отурса буга чейин 15 миң сом айып салынса, мындан ары үч суткага камалат. Спирт ичимдигин ичкендигин аныктоочу текшерүүдөн баш тарткан учурда буга чейин 17 500 сом айып салынып келсе, мындан ары үч суткага жана айдоочулук күбөлүгү жоктор беш суткага камакка алынат.
Мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда айдоого укугу жок жаран жети суткага камалат, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.
Ошондой эле унаа башкарууга укугу жок жаран рулга отургандарга, жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө, белгиленген нормадагы ылдамдыктан 40-60 чакырым/сааттан ашса, каршы тилкеге чыгып айдаса айып пулдун өлчөмү көбөйдү. Кайра кайталанса жарым жылга күбөлүгүнөн ажыратылат. Бир жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузса кайрадан экзамен тапшырат.