Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барат
Кыргызстан жаңылыктары
 Президент Садыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барат

 Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча, 8-9-июлда жооп иретиндеги мамлекеттик сапар менен Душанбе шаарына барат. Бул тууралуу бүгүн президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Мамлекеттик сапардын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки жактуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле парламенттин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар белгиленген. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө", - деп билдирди Сагынбек Абдумуталип.

Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда «Түбөлүк достук» концерти өтөт.