Жаңылыктар
ДССУ Түркия менен Сирияга 109 тонна дары-дармек жөнөттү
Кыргызстан жаңылыктары
ДССУ Түркия менен Сирияга 109 тонна дары-дармек жөнөттү

Түркия жана Сирияда катталган жер титирөөдөн жабыкарган жарандарга медициналык жардам көрсөтүү максатында 109 тонна дары-дармек жана хирургиялык буюм-тайымдар берилди. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун басма сөз кызматы билдирет.

Бул үчүн ДССУ өзгөчө кырдаалдардын резервдик фондунан 3 млн АКШ долларын бөлгөн. Бул сумма жеткирүү акысын да камтыйт. Жүктүн жалпы баасы 826 миң доллар деп бааланган. Жүк Дубайдагы ДССУнун Глобалдык логистикалык борборунан жөнөтүлдү.

Бүгүнкү күндө Түркияга 37 тонна, Сирияга 72 тонна жашоого керектүү материалдар жеткирилген.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.