Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришкендей "Таза аба" аттуу рейддин алкагында Бишкек аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Арча-Бешик жаңы конушунда жеке мончолор текшерилип, тургундар менен алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, катуу отундун сапаты жана мештердеги фильтрлердин бар экендиги каралып, тыюу салынган заттардын күйүп кетишине жол бербөө жөнүндө билдирүү тапшырылды.
Иш-чара жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын "Таза аба" буйругунун алкагында өтүүдө. Жыл сайын, жума сайын, кыш-күз мезгилинде инспекторлор ЖМК өкүлдөрү, эко активисттери менен биргеликте Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча коммерциялык уюмдардын жана жашоочулардын арасында профилактикалык рейддерди өткөрүшөт.
Иш-чаранын максаты - айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык аң-сезимдин жана жарандык жоопкерчиликтин деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.