Ош облусунун Кара-Суу районунун Учкун айылынын жашоочулары, тажыяда мал союудан баш тартканына бир жыл болду.
Аз убакыт болсо дагы, элет эли бул эрежеге баш ийип, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын союшу жок өткөрүүдө. Типтүү жобого ылайык, сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымына ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат. Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутууга уруксат берилет. Бул чыгымды кыскартуу максатында жасалууда.