Жаңылыктар
Түрк элчиси Кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Түрк элчиси Кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Түркия менен Сирияда зилзаладан курман болгондорго багышталып Кыргызстандын бардык аймактарында хатым кураны окулду. 

Жума намаздын алдында Бишкектеги имам Сарахси мечитинде да куран окулуп, дуба кылынды.

 Ага бийлик өкүлдөрү, дин ишмерлери жана Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган катышты. Муфтият диний мекемелерге боордош өлкөгө жардам көрсөтүүнү тапшырган. 

Түрк элчиси оор күндөрү колдоо көрсөткөнү үчүн Кыргызстандын элине ыраазычылык билдирди.