Жаңылыктар
Түркияга жардам: атайын эсепке 12 млн сомдон ашык акча которулду
Кыргызстан жаңылыктары
Түркияга жардам: атайын эсепке 12 млн сомдон ашык акча которулду

Бүгүнкү күндө жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 12 млн 350 миң сом чогулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат. 

Буга чейин Президенттик администрация, Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар министрликтер менен мекемелер, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын которгон.