Түркияда жер титирөө катталган аймактарда үй кургандарга карата териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Түркиянын Юстиция министри жер титирөө болгон аймакта үйлөрдү курууга катышкан бардык жеке адамдарга жана компанияларга каршы иш башталганын билдирди", - деп жазды элчи.