Жаңылыктар
Газиантеп шаарындагы мекендештер келишти
Кыргызстан жаңылыктары
Газиантеп шаарындагы мекендештер келишти

Түркиянын жер титирөө болгон Газиантеп шаарындагы мекендештер Бишкекке келишти. 22 кыргызстандык Казакстандын атайын борту менен Астанага эвакуацияланып, кичи автобус менен Бишкекке жеткирилди. 

Жарандарды кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери атайын унаа менен тосуп алды. Баарынын абалы жакшы. Алардын ичинен наристелүү келин Астана-Бишкек аба каттамы аркылуу Кыргызстанга келген. 

Ошондой эле, Кыргызстандын дагы 6 жараны Өзбекстандын атайын борту менен Ташкент шаарына жөнөтүлгөн. Ал жактагы элчилик эвакуацияланган жарандардын өлкөгө кайтып келишине көмөк көрсөтөт.