Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Түркиядагы зилзала болгон аймакка 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жиберди. Анын ичинде жууркан, уктоочу каптар, кичинекей килемчелер, чатырлар жана жылыткычтар бар. Бул туурасында министр Улан Ниязбеков Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барганда белгилүү болду.
Улан Ниязбеков көңүл айтуу китебине жазуу калтырып, “Түркия жергесинде орун алган оор табигый кырсыкты – жер титирөөнү, анын кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу жана жабыр тарткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана жалпы боордош Түркия элине ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл айтам. Жараткан жалпы Түркия элине сабырдуулук, кайраттуулук, чыдамкайлык берип, ылайым тынчтык өкүм сүрүп, кайгылуу окуялардан алыс кылсын”, - деп жазды Ниязбеков.