Жаңылыктар
Бишкекте “Кыргызстан – Словения” бизнес-форуму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте “Кыргызстан – Словения” бизнес-форуму өтөт

2023-жылдын 9-10-февралында Словения өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, тышкы жана европалык иштер министри Таня Файон словениялык ишкерлердин коштоосунда расмий иш сапары менен Кыргызстанда болот.

Иш сапардын алкагында Словениянын тышкы жана европалык иштер министри Таня Файон менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жолугушуп, кыргыз-словения кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулайт.

Ошондой эле Словения министринин Кыргызстандын бир катар министрликтеринин жетекчилиги менен жолугушуусу жана бүгүн, 10-февралда “Кыргызстан – Словения” бизнес форумун өтүүсү пландаштырылууда.