Жаңылыктар
Бишкектин жолдорун кардан тазалоо иштери жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин жолдорун кардан тазалоо иштери жүрүп жатат

Муниципалитеттен билдиргендей Бишкектин жолдорун кардан тазалоо иштери уланууда.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түнү бою калаанын жолдорун кардан тазалашты.

"Түнкүсүн жолго туз себүү үчүн жол тейлөө башкармалыгынын 27 атайын техникасы жана 30 кызматкери чыкты. 531 тонна техникалык туз сарпталды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, күз-кыш тазалоо иштери 1-ноябрда башталып, марттын башында жыйынтыкталат.