Жаңылыктар
Түркияга жардам: депутаттар эки күндүк эмгек акысын которот
Кыргызстан жаңылыктары
Түркияга жардам: депутаттар эки күндүк эмгек акысын которот

Жогорку Кеңештин депутаттары эки күндүк эмгек акысын Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга которот.

Бүгүнкү жыйындын башында эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев Түркия Кыргызстан үчүн тууганчылык жактан эле эмес, саясий жактан да өнөктөш экенин белгилеп социалдык тармактар боюнча көп жардам берип келгенин айтты.

Мындан улам депутаттарды эки күндүк маянасын Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан ачылган банктык эсепке которууну сунуштады. Вице-спикер Жамиля Исаева аталган демилгени добушка коюп, депутаттардын баары колдоп беришти.

Мындан мурда президенттин администрация жетекчилери жана кызматкерлери бир күндүк маянасын которушкан. Ошондой эле Финансы министрлигинин кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү максатында бир күндүк эмгек акысын которушканы кабарланган.

Эскерте кетсек, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалаган ар бир адам каражат которо алат.