Ош шаарында бир катар муниципалдык кызматтардын жетекчилерине тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тартиптик жаза берүү Ош шаарында 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында белгилүү болду жана ал мэриянын бир катар токтомдорун аткарбагандыгы жана эскертүүлөрдү четтетпегендиги үчүн айрым муниципалдык кызматтардын, шаардык башкармалыктардын жетекчилерине берилди.
Тактап айтканда:
- Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун” жетекчиси Н.Ж.Эштаевага сөгүш жарыяланды;
- Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы С.Төрөбек уулуна каттуу сөгүш берилди;
- “Керме-Тоо” МАБ жетекчиси Ж.Ж.Сактановго каттуу сөгүш жарыяланды;
- Турак жайды камсыздандыруу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн №40 Королев, №42 “Керме-Тоо”, №26 Токтогул Сатылганов, №2 Карл Маркс, №4 Киров, №6 Макаренко атындагы мектептердин директорлоруна чара көрүү боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысына сунуш берилди.
- Ош шаарынын мэриясынын токтомдоруна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү процесстерин санариптештирүү жана автоматташтыруу боюнча иш-чаралардын аткарылбагандыгы, ошондой эле “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасына кошулбаганы үчүн Ош шаардык мамлекеттик дезинфекциялык станциясынын башкы дарыгерине карата тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө КР Саламаттык сактоо министрлигине сунуштама жөнөтүлдү.