Кыргыз-казак чек арасынан 11 килограмм баңгизат менен колго түшкөн жарандар 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Талас облусунун Кара-Буура райондук соту 30-январда төрт айыпталуучуга карата өкүм чыгарган. УКМК кызматкерлери тарабынан өткөн жылдын 3-февралында салмагы 11 килограммдай үч таңгак баңгизатын Аманбаев атындагы чек ара бекетинен мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.
"Кара-Буура районунун төрт тургуну Кылмыш-жаза кодексинин "Сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо" беренеси менен күнөөлөнгөн. Тергөө жана соттук териштирүүлөрдө кылмыш иши боюнча соттолуучулардын күнөөсү толук далилденди", — деп айтылат маалыматта.