Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине эки күндөн бери өлкө жарандары келип тилектештигин билдирип, көңүл айтууда. Ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша гуманитардык жардам көрсөтүп жатат. Ал эми Кыргызстандан жөнөп кеткен куткаруучулар Кахраманмараш шаарында өз милдеттерин аткарууга киришти. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги мекенге кайтам деген жарандарга көмөк көрсөтүп жатат.