Жаңылыктар
Кыргызстандык куткаруучулардын келгенине кубанган түрк кызы
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык куткаруучулардын келгенине кубанган түрк кызы

Кыргызстандын куткаруучулары Түркияга барды. Алар зилзала Кахраманмарашта издөө, куткаруу иштерин баштады. 

Социалдык тармактарда кыргызстандык куткаруучулардын Стамбулдагы аэропортко келип түшкөн видеосу тарады. Кадрдан жергиликтүү кыз кыргызстандык куткаруучуларга ыраазылык билдирип, андан соң каяктан келишкендигин сураган. 

“Кыргызстандан келдик” деген жоопту уккандан кийин “бир туугандар келди, көз жашымды тыя албай жатам” деп комментарий берген.Кадрдан кыргызстандык куткаруучу итин кармап турганын көрүүгө болот. Кыз Кыргызстандан келген кызматтык иттерди башынан сылап, “куткарганы келдиңерби?” деп сурап, жашып кеткен. 

Ал комментарий берип, кыргызстандыктардын Кахраманмараш аймагына – зилзала очогуна жөнөп жаткандыктарын айткан.