Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну “Хизбут-Тахрир” Диний экстремисстик уюмунун экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул туурасында Коопсуздук кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Ак-Муз айылынын жергиликтүү жашоочусу өлкө аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” Диний экстремисттик уюмдун ишмөөрдүлүгүнө катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ал жогоруда аталган кыймылдын идеяларын активдүү даңазалап жүргөн.
Ушул жылдын 23-январында көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгы, Ат-Башы милициясы менен биргеликте кармалган жаранга карата түшүндүрүү жана алдын алуу чаралары жүргүзүлүп, анда ал өзүнүн көз карашынын туура эместигин ачык моюнга алып, аталган экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө мындан ары катышуудан баш тартканын билдирди.