Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Геннадий Базаровдун сөөгү жерге берилди.
Залкар талант менен коштошуу зыйнаты бүгүн, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Тажияга маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук ишмерлер катышты. Андан соң Базаровдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Кыргыз киносунун корифейи Геннадий Базаров 6-февраль күнү таңга маал 81 жашында дүйнө салган. Базаров — советтер союзу учурунда "кыргыз керемети" аталган кино тармагын жаратуучулардын бири, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи. "Саманчынын жолу" баштаган бир топ шедевр чыгармалардын режиссёру. Ал өмүрүнүн 65 жылдан ашуун мезгилин кино тармагына арнаган.
Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. СССРдин кинематографиясынын отличниги атактуу "Саманчынын жолунан" башка "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты фильмдерди жараткан.
Il жана Ill даражадагы Манас орденинин ээси.