Жаңылыктар
Кырсык болгон аймакка гумжардам акысыз жеткирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Кырсык болгон аймакка гумжардам акысыз жеткирилет

Turkish Cargo гуманитардык жүктөрдү кырсык болгон аймакка Түркиянын ар кайсы аймактарынан да, чет өлкөдөн да бекер жеткирет. Бул тууралуу түрк авиакомпаниясынын басма сөз кызматы билдиргенин Анадолу агенттиги жазды.

Дүйшөмбү күнү Сабиха Гөкчен аэропортунан Adana облусуна эки Turkish Cargo каттамы, ошондой эле Стамбул аэропортунан жана Аднан Мендерес аэропортунан бирден рейс пландалган. 

Элчиликтердин макулдугу менен авиакомпания гуманитардык жүктөрдү чет өлкөдөн кырсык болгон аймакка акысыз ташыйт. Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясынын Пазарджик аймагында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөөнүн натыйжасында өлкөнүн он провинциясында 3 миңге жакын адам каза болуп, он беш миңден ашык киши жаракат алды. Жер титирөө дүйшөмбү күнү эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 04.17де болгон.