Жаңылыктар
ТИМ: Каттоого турбаган кыргызстандыктар тууралуу кабар бериңиздер
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ: Каттоого турбаган кыргызстандыктар тууралуу кабар бериңиздер

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөө болгон аймактардагы консулдук каттоодо турбаган мекендештер тууралуу маалымат берүүнү суранат. Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, Түркияда жүргөн Кыргызстандын көптөгөн жарандары элчиликте жана консулдук мекемелеринде каттоодо турбагандыктан, Тышкы иштер министрлиги алардын жакындарынан болжол менен Түркиянын жер титирөө катталган аймактарында жүргөн туугандарынын жана досторунун маалыматын жана байланыш телефондорун берүүнү суранат.

КР ТИМинин байланыш номерлери:

- Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара шаары): тел. +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

- Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;

- Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737;

- КР ТИМинин консулдук департаменти: +996 999 312002.