Түркияда кайрадан жер силкинди. Зилзала Жер Ортолук деңизиндеги Хатай провинциясынын жээгинде күчү 4,4 баллга жетти.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгы билдиргендей, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 02.29да Түркиянын Сирия менен чектеш Жер ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан Яйладаг аймагынан 50,7 км алыстыкта катталган. Зилзаланын очогу 44,17 км тереңдикте болгон.