Жаңылыктар
6-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы
Кыргызстан жаңылыктары
6-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-февралга карата Кыргызстан боюнча күтүлө турган аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4...+9, Талас облусунда +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл облусунда +1...+6 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -2...-7 градуска чейин суук болору болжолдонууда.

Ал эми борбор калаа Бишкекте +7...+9, ал эми Ош шаарында +9...+11 градус болорү күтүлүүдө.