Жаңылыктар
Сугат сууга болгон тариф көтөрүлбөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Сугат сууга болгон тариф көтөрүлбөйт

Кыргызстанда жакынкы келечекте сугат сууга болгон тарифти жогорулатуу планда жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев билдирди. 

Анын айтымында, дыйкандарга түздөн-түз суу берүүнү Суу ресурстары кызматы пландаштырууда. 

“Бүгүнкү күндө сууну ички чарбалык каналдарга чейин жеткирет, ал эми фермерлерге бөлүштүрүү Суу пайдалануучулар ассоциациялары тарабынан жүргүзүлүүдө. Сугат суу фермерлерге куб метрине 3 тыйындан берилет”, - дейт ал.