Жаңылыктар
Өлкөнүн техникалык базасы жаңыланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн техникалык базасы жаңыланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине келген 100 даана автотехника өлкөнүн баардык аймактарына бөлүштүрүлөт. Анын ичинде 5 тонна суу көтөрүүчү унаалар менен кошо 50 метр бийиктикке жете турган шатысы менен өрт өчүрүүчү машиналар бар. 

Тизмени секирген адамды тосуп алчу куткаруу жаздыкчалары менен көлмөлөрдөн суу ташый турган атайын челектер толуктайт. Ал эми 8 тонналык куткаруучу унаалар тилсиз жоонун кесепетин жоюуда оор жүктү, унааларды көтөрүүгө жана сүйрөп чыгууга эсептелген.