Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүн пландан тышкары текшерип келди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүн пландан тышкары текшерип келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда, Бишкекке жакын жайгашкан 73809 аскер бөлүгүн пландан тышкары текшерип келди.

Мамлекет башчысы аскер кызматчыларынын кызмат өтөө шарттары жана абалы менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашып, аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча муктаждыктарына кызыкты.

Анын жыйынтыгында бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.