Кыргызстанда январь айында бейтаптарда күчтүү антибиотик - цефтриаксон сайылгандан улам пайда болгон анафилактикалык шоктун 9 учуру катталып, алардын бири өлүмгө алып келди.
Анализдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, колдонулган дарылар ар кайсы өлкөдөн келген. Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Россия. "5 учурда кыйыр таасир дары-дармектерди үй шартында, медайымды үйгө чакыртып, кошунага сайдырып, лабораториялык анализдерди тапшырбастан, медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүсүз колдонуудан улам келип чыккан”, - деп айтылат маалымата.
Адистердин айтымында, өз алдынча дарылануунун айынан анафилактикалык шок болгондор көбөйүүдө. Ошондуктан күчтүү антибиотиктерди ийне аркылуу алуу дарыгердин көзөмөлүндө гана жүргүзүлүшү керек экенин айтышат. Амбулатордук негизде дарыланган бейтаптарга антибиотикалык каражаттардын таблетка түрүн колдонуу сунушталат. Антибактериалдык препараттар дарыгердин сунушу менен гана сатылышы керек.