Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору Кыргызстандын Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин “Жылдын мыкты Университети” деп аныктады.
Борбор жөнөткөн маалыматта белгиленгендей, Университеттин потенциалы, ишмердүүлүгү, илимий жетишкендиктери жана эл аралык мамилелердеги ийгиликтерине эксперттер тарабынан баа берилип, аталган борбордун эл аралык мамилелер багытындагы сынагында жеңишке жетти. Ошондой эле жогорку окуу жайдын ректору Айгүл Абдраеваны “Жылдын мыкты ректору” деп аныктаган.
Белгилей кетсек, Эл аралык жетишкендиктерди изилдөөчү борбор илим, билим берүү, өнөр жай, бизнес жана технология тармагындагы таланттуу адистердин ийгиликке жетүүсүнө өбөлгө түзгөн эл аралык уюм. Анын башкы кеңсеси Канаданын Монреаль шаарында орун алган.