Казакстанда өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында “Жаңы реалдуулуктагы санариптик өнөктөштүк” бешинчи эл аралык форуму уюштурулду. Инновациялык технологиялар индустриясын өнүктүрүү үчүн заманбап глобалдык чакырыктар талкуунун башкы темасы болду. Форумга Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы башында турган делегация өкүлдөрү катышты.
Казакстандын Алматы шаарындагы “Атакент” ишкер кызматташуу борборунун аймагында уюштурулган Диджител Алматы форуму ЕАЭБ өлкөлөрүнүн маалыматтык технологиялар тармагында иш алып барган компаниялардын башын бириктирди. Эки күнгө созулган форумдун программасы бир нече ондогон панелдик сессиялардан туруп, анда 150дөн ашык спикерлер жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров санариптик трансформация жашообуздун бардык чөйрөсүнө таасир эткен көрүнүш экендигине көңүл бурду.
Катышуучулар өнөр жай тармактарынын автоматташтыруудан санариптештирүүгө өтүүсүн, санариптик майнингдин келечегин, роботтоштурууну колдонуу чөйрөсүн, Евразия аймагында маалыматтык-технологиялык өнүгүүнү талкулашты.