Каракол шаарында коопсуз шаар долбоору иштеп баштады. Бул эң ириде шаар калкынын жана күндөн күнгө каттамы көбөйүп жаткан туристтердин коопсуздугун өз деңгээлинде камсыз кылуу максатында ишке кирди. Мунун алкагында азыр Ак-Суу жана Караколдун өзүндө 150дөн ашык камералар иштеп жатат. Долбоор ийгиликтүү иштеп кетсе буга Жети-Өгүз жана Түп райондору жакын арада кошулат.
Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндөгү башкаруу пунктунда азыр онго жакын кызматкер иштейт. Ар биринин өзүнчө милдеттери бар.
Азыркы учурда Балыкчы, Каракол шаарлары жана Ак-Суу раййондору боюнча 150 камералар камтылды. Мунун ичинен коопсуз регион долбоору аркылуу адамдардын өздүгүн аныктайт. 24 камера автоунаалардын мамлекеттик номурларын окуй алат. Бул камералардын жардамы менен ар бир окуяларды реалдуу убактысы менен көрүп, керек боло турган болсо милиция кызматкерлерин дарегине тез жөнөтө алабыз.
Январь айынын жыйырмасынан бери аймакта видеокамералар иштеп жатканын тургундар анчейин байкай элек. Көпчүлүк бул долбоор унааларга гана багытталган деген түшүнүктө.
"Коопсуз аймак" долбоору иштеп баштаганына айдоочулар да анчейин маани беришпегендей. Алар мурда кандай эреже бузуп, каалаган жерине токтогон болсо, ал адаттарын таштай элек. Көчөдөгү камералар аркылуу жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерге билдирүүлөр барып турушу мүмкүн.
Көчөлөрдүн кесилишне, ошондой эле жол белгилеринин алдына, туура эмес токтоп турган болсо бул камералар тартып алат. Ошол эле маалымат, видеофиксация аркылуу жол коопсуздук кызматкерлери айдоочуларга тийиштүү протоколдорун толтуруп, айып акча сала алат.
Камералар аркылуу шаар ичиндеги коопсуздукка көбүрөөк маани берилет.
Элдин жалпы коопсуздугун камсыз кылууга багытталган долбоор. Ошонун негизинде кандайдыр бир укук бузуулар, коомдук жайларда кылмыш иштери орун алса же жөнөкөй эле чөнтөк уурулар түшүп калса, бирөөнү уруп сабоо фактылар тартылып калса дароо командалык борбордогу операторлор мобилдик милициялардын группаларына жөнөтүлүп, тез чара көрүлөт.