Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Алматыда “Digital Almaty 2023: жаңы реалдуулукта санариптик өнөктөштүк” аттуу санариптик форумунун пленардык жыйынына катышты.
Ал катышуучулардын көңүлүн санариптик трансформация жашоонун бардык чөйрөсүнө таасир эткен көрүнүш экендигине бурду.
Министрлер Кабинетинин башчысы саламаттыкты сактоо тармагында жасалма интеллект алгоритмдери ооруларды эрте диагностикалоого, дарылоону пландаштырууга жана дарыларды түзүүгө жардам берерин белгиледи.
Айтымында, жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрдү да, чакырыктарды да алып келет, ошондуктан анын коомго тийгизген таасирин активдүү башкаруу зарыл.