Жаңылыктар
Бишкектин Тунгуч кичирайонунда таштанды сорттоочу пункту колдонууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин Тунгуч кичирайонунда таштанды сорттоочу пункту колдонууга берилди

Бишкекте таштандыны сорттоочу дагы бир пункт иштей баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, катуу тиричилик таштандыларын сорттоочу станция пилоттук долбоордун алкагында Октябрь районунун Тунгуч кичирайонунда орнотулду.

Мэриядан белгилешкендей, таштанды сорттоочу жайда жалпы аянты 100 чарчы метр 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы, борбордук байланыш системалары: суу, канализация жана электр энергиясы орнотулган.

Таштандыларды сорттоо үчүн 15-16 чарчы метр бөлмө жабдылган.

Таштанды контейнерлери жамгырдан, кардан коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жерге чатырдын астына коюлган. Контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган.