3-февралга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматы.
Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метре жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көл облусунда +3…8, Талас облусунда +5…+10, Нарын облусунда 0…-5 суук болсо, Бишкекте +8…+10, Ош шаарында +9…+11 градус жылуу болушу күтүлөт.