Жаңылыктар
Кызын сабаган аял бир айга камалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кызын сабаган аял бир айга камалды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда эки жашар кызын сабаган аял бир айлык мөөнөткө камакка алынды. Мындай чечимди райондук сот чыгарды. 

Кызын сабаган аял 2023-жылдын 1-мартына чейин СИЗО-53тө болот. 

Эске салсак, 27-январда милицияга Кадамжай районунун 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никедеги аялы бир жарым жаштагы кызын уруп, зомбулук көргөзгөндүгүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. 

Аталган маалымат Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.