Жаңылыктар
Эдил Байсалов "Жерүй" кенинин иши менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Эдил Байсалов "Жерүй" кенинин иши менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Жерүй” кениндеги алтын кен комбинатына барды.

Ал ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, алтын бөлүп чыгаруучу фабриканы жана калдык сактоочу жайды көрүп чыкты. Ошондой эле вахталык шаарчадагы кызматкерлердин жашоо шарттары менен таанышты. 

«Жерүй» алтын кен комбинаты 2022-жылы 23 млрд сомдук продукция өндүргөн. Кыйыр кызмат көрсөтүү тармактарын эсепке албаганда, комбинаттын өзүндө эле 1 400 адам жогорку айлык акы төлөнүүчү жумуш менен камсыздалган. 

Облустук фондго 407 млн сом которулган. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн эсебине 1,3 млрд сомго жакын акча топтолду.