Жаңылыктар
Пиязды чет өлкөгө алып чыгууга тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Пиязды чет өлкөгө алып чыгууга тыюу салынды

Кыргызстан аймагынан пияздын бардык түрүн чет өлкөгө алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. 

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды, тыюу 2023-жылдын 31-январынан тартып, үч айлык мөөнөткө чейин күчүндө болот. 

"Токтом өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги продуктынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.