Кытайдан сатып алынган 120 жүргүнчү ташуучу автобус газ менен жүрөт. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына эмне себептен атамекендик "Белес" компаниясынын эмес, Кытайдын автобустары сатылып алынганын түшүндүрдү.
Буга чейин калк арасында эмнеге чет жактан алабыз, атамекендик "Белес" компаниясынын автобустарын алса болбойбу" деген пикирлер тараган. Азыркы тапта "Белес" менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон.
Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу газ жана электроэнергия менен жүргөн транспортко артыкчылык берүүдө. Анын үстүнө, учурда "Белес" компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок.