Жаңылыктар
Ипотекалык турак жайлар көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ипотекалык турак жайлар көбөйөт

Бишкек жана Ош шаарларында гана эмес, бардык аймактарда ипотекалык турак жайлар көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын жыйынында билдирди. 

Анда 2022-жылда аткарган иштери боюнча жыйынтыктары, жетишкендиктери каралды жана кетирген мүчүлүштүктөрдү жоюу максатында алдыдагы пландар талкууланды. Былтыр курулуш тармагындагы инвестициянын көлөмү 138 млрд сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 3% өскөн. Бул экономиканын өсүү динамикасынан кабар берет. 2023-жылы 150нүн тегерегинде социалдык объект ишке кирсе, анын ичинде 8 жаңы заманбап оорукана курулат. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары аткарылган иште ачык айкындуулук болуш үчүн, коллегия мүчөлүгүнө жеке тараптарды кошууга чакырды. 

Мындан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин ата мекендик ишканалардын иштеп кетүүсүнө колдоо көрсөтүү зарылдыгын эскертти.