Сузак районундагы айыл аймактар бириктирилип, 7-8 айыл өкмөт болуп түзүлөт. Үч түрлүү долбоор Министрлер Кабинетине сунушталды. Эми атайын комиссия карап чыгат. Жыл соңуна чейин айыл өкмөттөрдү ирилештирүү долбоору бекитилиши керек. Ал административдик-аймактык реформа алкагында ишке ашууда.