Тажикстандын Кыргызстанга басып кириши боюнча козголгон кылмыш ишинде айрым кыйынчылыктар болууда. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди. Аскер прокуратурасы өткөн жылы сентябрь айында болгон Тажикстандын Кыргызстанга куралчан басып кирүүсү боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Башкы прокуратура тарабынан тергөө тобу түзүлгөн. Курманкул Зулушев азыркы тапта баскынчылыкка күбө болгон жарандар сурак берип, болгон фактылар катталып, келтирилген чыгымдын көлөмү эсептелгенин билдирди. Эске салсак, 14-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагына кирип келип, курал колдонгон. Анын кесепетинен Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары үйлөрүнөн убактылуу эвакуацияланууга аргасыз болгон.