Жаңылыктар
Жөлөк пул алууга документ чогултуу жеңилдеди
Кыргызстан жаңылыктары
Жөлөк пул алууга документ чогултуу жеңилдеди

Жөлөк пул алуу үчүн документ чогултуу бир аз жеңилдеп, кээ бир маалымкаттар автоматташтырылды. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

"Санарип аймак" сервиси министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө социалдык төлөмдөрдү дайындоого кайрылган жарандардын катталган жери жана үй-бүлө курамы тууралуу маалымкатты ыкчам алууга шарт түзгөн. 

Документ мурда жергиликтүү бийлик тарабынан берилип келген. Азыр ал бирдиктүү базада камтылат. 

"Санарип аймак" автоматташтырылган системасына кирбей калган жарандар жергиликтүү бийликке кайрылып, каттатуусу зарыл.